Президент
Алмазбек Атамбаев жер көчкү жүргөн Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына 25-майда президенттин маалымат катчысы
Жанар Акаев билдирди. Анын билдиришинче, учурда мамлекет башчысы кырсыктан жапа чеккен эл менен жолугушуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышууда.
Ал эми Алмазбек Атамбаев 24-майда жер көчкүнүн натыйжасында набыт болгондордун, жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 100 миң сомдон бөлүп берүү буйругуна кол койгон.
Айта кетсек, 24-майга караган түнү Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү жүрүп, 5 үй жана 1 эмкананы басып калган. Анын кесепетинен 6 адам каза таап, 5 адам жаракат алган. Каза болгондордун сөөктөрү ошол эле күнү жерге берилди.