Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 25-майда президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам өкмөттүн мүчөсү кызматтан бошонуусуна же отставкага кетүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укугун жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзам ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 29, 51, 61 жана 124-беренелери өкмөттөгү бош орунга премьер-министр сунуштаган талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан жактыруу талабынын жол-жоболору камтылган ченемдер менен толукталат.
Ошону менен бирге аталган мыйзамдын 51-беренесинин 5-бөлүгүнө альтернативдүү мыйзам долбоорлору бар болгон мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген өзгөртүү киргизилет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.