Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үйлөрү жер көчкү астында калгандарга мамлекет тарабынан үй курулуп берилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн жабыркаган Кыр-Жол айылынын эли менен болгон жолугушууда билдирди. Президенттин сөзүнө караганда, мамлекет кырсыктан жапа чеккендер үчүн 8 үй куруп берет. Мамлекет башчы мындан тышкары кооптуу абалда турган 10го жакын үйдү көрүп, аларга керектүү делинген жардамды көрсөтүүнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө буйруду.
Ал эми Кыр-Жол айылынын тургундары өлкө башчыга кайрылышып, айылдын жол маселеси курч турганын айтышып, айыл жолун оңдоп берүүнү өтүнүштү. Атамбаев жоготууларга учураган үй-бүлөлөргө көңүл айтты. Андан кийин айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берди.