Ош шаарына айланма жол куруу пландалууда

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Түштүк айланма жолу курулуучу аймак менен жеринен таанышышты. Бул тууралуу 26-майда Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Кадырбаев Ош шаарындагы унаа тыгындарын азайтуу максатында айланма жол куруу үчүн азыркы учурда бир нече долбоор сунушталып жатканын айтты. Анын бири Бишкек-Ош трактатынан “Амир-Темир” аймактык кеңеши аркылуу Озгур айылына түшүп, “Курманжан датка” аймактык кеңешине келип, Ак-Буура дарыясы аркылуу “Туран” аймактык кеңешине өтөрү туурасында кеңири маалымат берди шаар мэри.

“Азыр биз сунуштап жаткан долбоор ишке аша турган болсо, бул кезге чейин Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрө курулушунда жана суунун эки жагында эч кандай бузуу иштери жүргүзүлбөйт. Анткени бул аймактагы жерлердин баары муниципалдык менчикке карайт. Ал эми “Туран” аймактык кеңешинен ары Дачный тилкеси аркылуу Ноокат-Исфана унаа жолуна чыгып кетет. Дачный тилкесинин жолдору да стандартка ылайык салынган. Эч кандай бузууну талап кылбайт”,- деди Кадырбаев.

Министр Малабаев Ош шаарына айланма жол куруу учурдун негизги талабы экенин билдирди.

“Ош шаарына айланма жолду куруу - учурдун негизги талабы. Шаар ичиндеги унаа тыгындарын азайтуу жана шаардын негизги жолдорунун сапатын сактап калуу максатында оор жүк ташуучу автоунааларга ылайыкташкан жолдун бир нече долбоорун карап чыгып, эң ыңгайлуусуна гана токтолобуз. Буюрса, жолдун курулушун келерки жылда баштообуз керек. Бул мамлекет башчыбыздын тикелей тапшырмасы”,- деп белгиледи министр.

“Быйыл президентибиз А.Атамбаев Ош шаарынын ички жолдорун реабилитациялоого пландалган бюджеттик каражаттан сырткары 6,8 чакырым жолго 125 миллион сом каражат бөлүп берди. Ош шаарынын ички жолдорун оңдоого буга чейин мындай көңүл бурулган эмес",- деп кошумчалады Малабаев.

Жыйынтыгында атайын адистер тарабынан дагы башка варианттары каралып чыккандан кийин бир тараптуу чечимге келүү боюнча сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан