Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга орден тапшырылды

Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандарга Чернобыль Баатыры ордени тапшырылды. Бул тууралуу 26-майда Бишкек мэриясынан билдиришти. 
Ордендерди район башчысы Аскербек Алиев тапшырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакиров балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөн Спартакиададан Биринчи Май району 1-орунду алгандыгы үчүн кубок тапшырды. 
Эскерте кетсек, Жазгы Спартакиада 18-майдан 21-майга чейин спорттун беш түрү: кичи футбол, дартс, жеңил атлетика жана стол тенниси боюнча өткөрүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан