Бишкекте эмгек мигранттарынын, качкындардын, жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо, киши сатуу менен күрөшүү маселелери талкууланат

2-июнда Бишкекте "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференция болот. Иш-чараны Жогорку Кеңеш жана Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы уюштурууда. 

Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин, эл аралык уюмдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат.

Конференцияда аймактагы миграциянын көйгөйлүү маселелери, Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин миграция жаатындагы, анын ичинде эмгек мигранттарынын, качкындардын, жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо, киши сатуу менен күрөш жаатындагы улуттук мыйзам жоболорун укуктук жактан колдонуу, шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча эл аралык байланыштарды жана кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланат.

Конференциянын катышуучулары экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, наркобизнеске, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы кызматташтыктын келечеги туурасында пикир алышат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан