Төрага Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Орусияга иш сапары менен барышты

26-майда төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясынын Орусияга болгон расмий иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Делегацияны Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ильяс Умаханов жана Федералдык Жыйындын Федералдык Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү, Орусиянын Федералдык Жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын мүчөсү Анатолий Лисицын тосуп алды.

Делегация расмий иш сапардын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин, Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушмакчы.

Андан кийин депутаттар Кремль дубалынын боюндагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшат. Мындан сырткары Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан