Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 7 тургунга атайын араба тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 26-майда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ошондой эле министр кыйын абалда жашап жаткан үй-бүлөлөр менен жолугуп, алардын маселелерин укту.