Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча маалымат берүүдө.
Депутаттар министрден келерки парламенттик шайлоого катыша турган партияларда соттолгон адамдар боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурашты.
Турганбаев ИИМ парламентке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү келбеш үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты. "Ушул жылдын күз айларында шайланчу парламентке уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү келбеш үчүн ИИМ тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Ал эми соттолгон адамдар каттоодо турушат. 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында каттоодо турган адамдардын тизмесин бергем, бирок көңүл бурулган эмес",- деди Турганбаев.
Айта кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттар Нурлан Төрөбеков, Ахматбек Келдибеков, Урмат Аманбаева жана башкалар шайланган соң алардын мурдагы мыйзамсыз иштери ачыкка чыгарылган.