Жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топторунун 107 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин
Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.Анын айтымында, кармалгандар ИИМдин тиешелүү каттоосунда турушат. "2013-жылы УКТнын 197 мүчөсү колго түшсө, 2014-жылы 190 мүчө кармалган. 2015-жылдын башынан бери бул топтордун 107 мүчөсү кармалды. Учурда "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамы иштебей жатат, анткени сотто аларга "уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү" деген статус берүү кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болууда. ИИМ өкмөт менен биргеликте тиешелүү концепцияны иштеп чыкты",- деди министр.