Алай районунда кары-картаңдардын пенсиясына делген 465 миң сомду карактагандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-май күнү Сопу-Коргон айылына келе жаткан жолдо болгон. Анда белгисиз эки адам 1978-жылы туулган байланыш бөлүмүнүн кызматкерин сабап, унаасындагы баштыкты алып кетишкен. Анын ичинде кары-картаңдардын пенсиясына делген 465 миң сом акча болгон.
Кечээ, 25-май күнү кылмышка шектүүлөрдүн бири 29 жаштагы А.А. Бишкектен, экинчиси 28 жаштагы Б.А. Алайдан кармалды.
Учурда каракталган акчаны кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.