Базар-Коргон районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 06:50 чамасында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам каза таап, бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.