Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында электр энергиясына болгон тарифтин баасын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Депутаттар
Кожобек Рыспаев менен
Бакыт Шаршеев өкмөткө электр энергиясынын бирдиктүү тарифин сунушташты.
Алардын айтымдарында, 1 киловатт-саатты орточо баа менен 85 тыйындан сатуу керек. "Биздин өлкөбүздө башка мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергиясы арзан. Бирок тарифти калктын айлык маяналарына жараша өзгөртүү туура", - деди Рыспаев.
Айта кетсек, былтыркы жылдын ноябрь айынын соңунда
электр энергиясынын жаңы тарифи бекитилген. Ага ылайык, 700 киловатт-саатына чейин 70 тыйын, андан ашканына 2 сом 5 тыйындан төлөнүүдө.