Көк-Жаңгактагы аскер бөлүмүнүн курулушуна 300 миллион сом сарпталды

Быйыл Бишкектин жанындагы “Ала-Тоо” аскердик окуу борборунда казарма курулат. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасында 52870-аскердик бөлүмдүн ачылыш аземинде коргоо министри Абибилла Кудайбердиев билдирди. Анын айтымында, казарма 120 аскер адамына ылайыкташтырылат.

Казарма атайын талаа шарттарында эс алууга мүмкүн болгудай кылып салынат. Ага 40 миллион сом каражаты кетет. Бул жалгыз гана курулуп жаткан объект эмес, өлкө боюнча көп эле жерде курулуш иштери жүрүүдө.

Ал эми Көк-Жаңгактагы аскер бөлүмү жөнүндө сөз кылсак, ал “Аскер курулуш” ишканасынын куруучулары тарабынан Коргоо министрлигинин атайын каражатына салынды. Ага жалпысынан 300 миллион сом кетти”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан