Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Беларустун президенти Александр Лукашенкого энеси Екатерина Лукашенконун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу 26-майда президенттик аппараттан билдиришти.
“Азыркы учурда сизге жана үй-бүлөңүздөргө күч-кубат жана кайрат тилейм. Менин чын жүрөктөн көңүл айтуумду жана колдоо сөзүмдү кабыл алыңыз”,- деп айтылат президенттин телеграммасында.
Беларусь президентинин энеси Екатерина Лукашенко 91 жашында каза болгонун чет элдик маалымат каражаттары бүгүн жазып чыгышты.