Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Малайзиядан келген делегация менен жолугушту

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков 26-майда Малайзия өлкөсүнүн Путраджай шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Малайзиялык делегациянын курамында Путраджай мэриясынын корпоративдик байланыш боюнча департаментинин башчысы Тенку Айна бинти Тенку Исмаил Шах жана аталган департаменттин башкармалыгынын башчысы Хайрул Фаизи Хоруш бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө Путраджай өкүлдөрү Бишкек мэриясынын делегациясын шаардык маданият жамааты менен 2015-жылы октябрда өтө турган "Ислам маданияты" III Эл аралык фестивалына катышууга чакырды.

Фестивалда Кыргыз Республикасынын маданияты боюнча төмөнкү сунуштар каралган: улуттук бий, ырлар, музыкалык жамааттардын чыгармалары, дизайнерлер жана туризм тармагынын өкүлдөрү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Путраджай шаарынын мэриясы менен Бишкек шаарынын мэриясынын кызматташуусу 2014-жылы 8-августта кабыл алган токтомдун негизинде улантыла берерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан