Министр: “Учурда Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин балдарына бала бакча куруу зарыл”

Учурда Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин балдарына Баткен жана Токмок шаарларында бала бакча куруу зарыл. Муну бүгүн, 26-майда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, бардык маселе каражаттын жетишсиздигине барып такалат.

“Учурда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак аскер шаарчасында 50 аскер кызматкеринин баласы бала бакчага бара албай жатат. Алар президент Алмазбек Атамбаевден балдарына бала бакча куруп берүүсүн суранып, өтүнүч кат менен кайрылышты. Мамлекет башчы бул маселени чечүү боюнча иш-аракеттер көрүлөрүн айтты”, - деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан