Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында бүгүн, 26-майда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Жээнбеков Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу тууралуу бардык процедураларды аяктаганын, аталган биримдикке кошулуу боюнча документтерди Орусиянын Мамлекеттик Думасынан эртерээк ратификациядан өткөрүүгө чакырды. Жээнбеков бул тууралуу тиешелүү катты Нарышкинге тапшырды.
"Кыргыз мамлекетинин жарандарынын Орусиянын аймагында жүрө турган мөөнөтүн узартуу, Орусиянын аймагына кирүүнү чектөөнү алып салуу жагынан көмөк көрсөтүшүңүздү суранабыз. Ал эми чек ара бекеттерин жаңы шартка ыңгайлаштырыш үчүн 200 миллион доллардын бөлүнүшү маанилүү иш болду", - деди Жээнбеков. Төрага 1 миллиард долларлык капиталы бар эки тараптуу өнүктүрүү фондунун ишин жүзөгө ашыруу өтө орчундуу экенин да кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө биргелешкен ири энергетикалык долбоорлордун ишин тездетүү, стратегиялык өнөктөш болгон "Газпром" ишканасынын жардамы менен кыргыз мамлекетинин газ өткөрүү тутумун өнүктүрүү маселелери талкууланды. Орусия менен чогуу Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну жакынкы аралыкта жүзөгө ашыруунун зарылчылыгы белгиленди. Буга улай кыргыз армиясын күчтөндүрүш үчүн Орусия тарабынан көмөк көрсөтүлгөнүнө Жээнбеков ыраазычылыгын билдирди.
Нарышкин А.Жээнбековду расмий иш сапары менен куттуктап, мамлекеттердин ортосундагы, анын ичинде парламент аралык мамилеге оң баасын берди. Ал кыргыз мамлекетинин калкы ынтымакта, биримдикте алдыда турган парламенттик шайлоону татыктуу өткөрүп аларына ишенимин билдирди. “Биз дайыма кыргыз мамлекетин колдойбуз. Өлкөнүн ЕАЭБге киришин кубануу менен кабыл алдык. ЕАЭБ боюнча келишимдердин ратификациясын чукул арада карап чыгууга аракет кылабыз”,- деди Нарышкин. Ошондой эле ал "Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду олуттуу долбоорлорду ишке киргизиши керек" деген оюн айтты.
Мындан сырткары ал регион аралык карым-катышты чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу эки өлкөнүн парламент жетекчилери бул маселе боюнча парламент аралык комиссияга тиешелүү тапшырма беришти.