"Учурда кыргыз мамлекети өзүн коргоого жөндөмдүү" деди президент Атамбаев (фото)
"Учурда кыргыз мамлекети өзүн коргоого жөндөмдүү",- деди президент Алмазбек Атамбаев 26-майда Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында №52870-аскердик жаңы шаарчанын ачылыш аземине катышып жатып. Атамбаев өз сөзүндө аскер кызматчыларын колдоонун өзгөчө маанисин жана зарылчылыгын белгиледи. "Ким өз аскерин бакпаса, башканын аскерин багат" деген кеп эзелтен
белгилүү. Кыргыз мамлекетине күчтүү, заманбап жана жөндөмдүү аскер керек
экендигин мезгил көрсөтүп жатат. Кеп аскердин санында эмес, сапатында",-
деди мамлекет башчы. Президент аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо боюнча
маселелерди чечүүгө жана аларды турак жай менен камсыз кылуу үчүн
мамлекет бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын баса белгиледи. “Мен
биздин аскерибиз, жоокерлерибиз жана офицерлерибиз менен сыймыктанам”,-
деди сөзүнүн соңунда Атамбаев.