Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленди

26-майда Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана мамлекеттик, коомдук ишмер Мурат Салиховдун 110 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, депутаттар Жусупали Исаев, Улукбек Кочкоров жана жергиликтүү бийлик башчылары катышканын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Депутаттар алгач райондун түптөлүшүнө чоң салым кошкон М.Салихов, А.Орозбеков жана И.Раззаковдун эстелигине гүлчамбар коюшту. Андан кийин Баткен районунун 80 жылдыгынын алкагында улуттук баалуулуктарды чагылдырган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Баткен районунун түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүүсү тууралуу даярдалган видеотасма көрсөтүлдү. Жыйынтыгында облустун борбордук стадионунда жергиликтүү таланттар чоң программадагы концерт уюштурушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан