Феликс Кулов Канада элчисине "Кумтөр" долбооруна карата коалициялык көпчүлүктүн позициясын түшүндүрдү

Депутат Феликс Кулов 26-майда Канада мамлекетинин кыргыз жериндеги элчиси Шон Стайл менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жолугушууда тараптар тоо-кен өнөр жай тармагында, ар кайсы долбоорлорго инвестиция тартуу жаатында эки өлкөнүн кызматташтыгына тиешелүү бир катар маселелерди талкуулашканын билдирди. 

Жолугушууда Кулов "Кумтөр" долбооруна карата Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн позициясын айтты. "Кыргыз Республикасы "Кумтөр" долбооруна карата чечим кабыл алып жатып укуктук нукта, эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен аракет кылат",- деп түшүндүрдү ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан