Президент бүгүн Ош шаарында салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулуш иши менен таанышат
Президент Алмазбек Атамбаев иш сапарын бүгүн, 27-майда Ош облусунда улантат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, президент 26-май күнү Жалал-Абад облусуна болгон сапарын жыйынтыктап, Ош шаарына келди. Сапар алкагында Атамбаев алгач Ош шаарында салынып жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулушу менен таанышат. Андан кийин жергиликтүү жетекчилер менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле облус дыйкандарынын жазгы талаа иштери менен да таанышуусу пландалууда.