Өкмөт башчы Улуу Британиянын элчисин кабыл алды

Өкмөт башчы Темир Сариев Улуу Британиянын кыргыз жериндеги элчиси Жудит Фарнворт дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу 27-майда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Сариев жолугушуу учурунда Фарнвортко кыргыз-британ мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.  

Премьер 2011-жылы Улуу Британиянын элчилигинин ачылышы Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташуунун өнүгүү жолу жаңы этапка көтөрүлгөнүн белгиледи.

Элчи британ тарап кыргыз мамлекетине чакан жана орто бизнести өнүктүрүү багытына дайыма колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан