2014-жылы КМШ мамлекеттеринин эл аралык темир жол каттамдары аркылуу 27 миллион 715 миң жүргүнчү ташылган

2014-жылы КМШ мамлекеттеринин эл аралык темир жол каттамдары аркылуу 27 миллион 715 миң жүргүнчү ташылган. Мындай маалымат Беларуста өткөн КМШ мамлекеттеринин темир жол транспорту боюнча кеңешинин 62-отурумунда белгилүү болду. 

Аталган отурум Орусия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын темир жол администрацияларынын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Ага "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев да катышып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты. 

Анда темир жол транспорту ар бир мамлекеттин негизги эффективдүү экономикалык саясаты болуп эсептелери айтылды. Шериктештикке кирген мамлекеттердин Темир жол транспорту боюнча кеңешинин 62-отурумунда поезд каттамдарынын графиги, темир жолду эксплуатациялоо иштеринин жыйынтыгы каралып, бир катар документтерге өзгөртүүлөр киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан