Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу мыйзамдын долбоору каралды. Декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы камтылган.
Талкууда депутат Данияр Тербишалиев кызмат адамдарынын аялы же күйөөсү жакын туугандарынын катарына кирбей турганын белгилеп, аларды мыйзамда өзүнчө белгилөө сунушун киргизди. Депутат Дастан Бекешев жарандар декларацияны бир эле учурда Салык кызматына да, Кадр кызматына да бербей, Салык кызматына гана тапшыруу жетиштүү экенин айтты.
Талкуудан соң депутаттар мыйзам долбоорун 2-окууда добуш берүүгө жиберишти.