Төрага Асылбек Жээнбеков Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында Орусиянын Федералдык Кеңешинин спикери Валентина Матвиенко менен жолугушту. Тараптар эки өлкө ортосундагы жана парламент аралык кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашканын 27-майда Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Матвиенко эки өлкөнүн ортосундагы жана парламент аралык кызматташтыкка канааттанганын билдирди. Анын айтымында, Кыргыз Республикасы Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана бул ЕАЭБдин курамына кирүүнүн жүрүшүндө дагы бир ирет далилденди. “Кыргыз мамлекетинин президенти, парламенти жана өкмөтү кыска убакыт аралыгында Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу процессинде ийгиликтүү иштешти. Мындай тарыхый чечим кабыл алуу оңойго турган жок. Биз ЕАЭБге кирүү боюнча келишим кыргыз парламентинен ратификациядан өтүп, президент ага кол койгонунан кабарыбыз бар. Биз дагы ЕАЭБ боюнча ратификацияны жакын арада карап чыкканга аракет кылабыз”,- деди Матвиенко.
Жээнбеков ошондой эле миграцияга байланышкан орчундуу маселелерди көтөрдү. Атап айтканда, ЕАЭБге киргенине карабастан, кыргыз мамлекетинин он миңдеген жарандары “кара тизменин” айынан Орусиянын аймагына кире албай жатышат. “Биз бул маселени чечүүнүн жолун табышыбыз зарыл”,- деди Жээнбеков. Матвиенко маселени туура чечүү жагын карап чыгууну Орусиянын Федералдык Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине табыштады. “Биз жакын арада алгылыктуу жыйынтыкка чогуу жетишебиз”,- деп белгиледи Матвиенко.
Мындан сырткары тараптар Кыргыз Республикасы менен Борбор Азиядагы коопсуздукту сакташ үчүн тиешелүү жактырылган келишим аркылуу заманбап аскерий техника менен камсыз кылуу өтө маанилүү экенин белгилешти.
Жолугушууда кыргыз мамлекетинде өтүүчү парламенттик шайлоонун тегерегинде пикир алышуу болду.