Алмазбек Атамбаев Араван районундагы өрттөнүп кеткен мектепке барды (фото)

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин иш сапары Ош облусунун Араван районунда уланууда. Сапар алкагында Атамбаев райондогу 2013-жылдын октябрь айында күйүп кеткен №48-мектептин абалы менен таанышып чыкты. Мектептин абалы менен таанышууга катышкан билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева аталган мектепти оңдоо үчүн бөлүнгөн 3 миллион сом каражат жетишсиз экенин айтты. 
"Жылына мамлекет тарабынан мектептерди оңдоп-түзөө үчүн 1 миллиард 100 миң сом бөлүнөт. Бул каражатты оңдоого муктаж мектептерге бөлгөндө ар бирине 3 миллион сомдон гана бөлүнөт. Ошондой эле мектептердин сметалык планы өтө кымбат болуп, куруу иштери көп убакыттарга созулуп кетип жатат. Ошондуктан арзан сметаны түзүп, бул каражат менен ремонт иштерин тез арада бүтүрүүгө болот. Ал эми бул мектептерди оңдоп-түзөө үчүн Каржы министрлигине кат жиберип, кошумча каражат таап берүүнү суранып жатабыз",- деди Сариева.  
Ал эми аталган №48-мектептин жарымы 2013-жылдын октябрь айында өрттөнүп кеткен эле. Учурда мектептин күйүп кеткен бөлүгүнө жаңы имарат куруу үчүн пайдубал түптөлүп жатыптыр.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан