Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Асия Сасыкбаева, Элмира Жумалиева, Эркингүл Иманкожоева жана Элмира Иманалиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен бирге Чүй, Ысык-Көл облустарынын айылдарын кыдырып чыгышты. Алар бул облустардын айылдарындагы бала бакчалар менен мектептердин таза суу, санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздалышы боюнча абалдан кабар алышты. Бул тууралуу 27-майда парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Депутат айымдар Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылындагы №2-лицей менен Ивановка станциясындагы орто мектептин таза суу менен камсыздалышы, ашканалардагы гигиенанын сакталышы менен таанышты.
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы “Манжылы-Бөкөнбаев” ресурстук борборунда алар сүттү, жер-жемиштерди кайра иштетүү жана конок үйлөрүн түзүү боюнча курстардан өткөн айымдар менен жолугушту. Ошондой эле алар Жети-Өгүздүн Ак-Терек айылындагы Ж.Жунушев атындагы мектепте энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча тажрыйбадан кабар алып, пилоттук деп саналган Оргочор айылында болушту. Ал эми Аң-Өстөн айылында таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелеринин кызматкерлери таза суу менен камсыздоо, тиешелүү жабдуу маселелери жана алардын чечилиш жолдору тууралуу айтып беришти.
Жолугушууларда жергиликтүү коомчулуктар менен бала бакчаларда таза суу маселеси, санитардык шарттар менен камсыз кылууга байланышкан мыйзам жоболорунда көптөгөн маселелер бар экени белгиленди. Азыркыга чейин санитария маселесин жөнгө салыш үчүн ченемдик база болуп саналган санитардык ченемдер менен эрежелер укуктук макамга ээ эмес. Таза суу колдонуулардын айылдык коомдук бирикмелеринин кызматкерлери скважиналардан суу чыгарууда төлөм төлөө тууралуу тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизилиши керек экенин белгилешти. Мындай ченем “Кен байлыктар жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн, бирок калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча мыйзамдын тиешелүү пунктун тактоо зарылдыгы бар.
Ошону менен катар жолугушууларда айылдарда таза сууга өндүрүштүк көзөмөл кылуу, таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмелери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара кызматташуу маселеси дагы козголду.
Фермер айымдар Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууда айыл чарбасындагы кездешип жаткан мүчүлүштүктөр тууралуу маселе көтөрүштү.