"Сузакта жер көчкү орун алган жер 1994-жылы эле "коркунучтуу" деп бааланган, бирок эл көчпөй койгон" дейт вице-премьер-министр

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жер көчкү жана анын кесепеттери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, адистер 1994-жылы аталган аймакты "коркунучтуу" деп баалап, тургундарга көчүп кетүүнү эскертишкен. "Бирок буга карабастан, тургундар "ата-бабаларыбыздан калган жер" деп көчпөй коюшкан",- деди Маматалиев.
"Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Учурда 87 үй-бүлө жакын жерлерге көчүп кетүүгө макулдук беришти. Жергиликтүү айыл өкмөттөргө бул үй-бүлөлөр үчүн жер бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Зарыл болсо трансформациялоо иштери өткөрүлөт",- деди вице-премьер-министр.
Эске салсак, 24-майга караган түнү саат 01:49 чамасында Кыр-Жол айылында жер көчкү жүргөн. Анда көчкү 5 үйдү басып калып, 6 адам анын алдында калган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан