Сузактагы жер көчкүдөн улам келтирилген зыяндын өлчөмү 13 миллион сомдон жогору болушу мүмкүн

Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 24-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында болгон жер көчкү, анын кесепеттерин жоюу, жабыр тарткан адамдарга жардам берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маматалиев келтирилген зыяндын өлчөмү 13 миллион сомдон жогору болушу мүмкүн экенин айтты. "Табигый кырсыктан 13 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген, бирок ал дагы көбөйүшү мүмкүн. Азыр үйү бузулган адамдар чатыр менен толук камсыз кылынды. Жергиликтүү бийлик жетекчилерине дагы 8 үйдү көчүрүү үчүн жер бөлүү тапшырмасы берилди. Азырынча ал аймакта бош жер тилкеси жок болгондуктан, коңшу айыл аймактарынан жер караштырылууда. Жери аныкталар замат үйлөр курула баштайт",- деди Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан