Социалдык өнүктүрүү министрлиги Сузактагы жер көчкүдө жабыр тарткан үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөттү

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жер көчкү болгон Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барып, эл менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көбүрөөк көңүл буруп, аларды кайрат кылууга чакырды. Андан соң министрликтин атынан керебеттер, төшөнчүлөр, одеяло жана жаздыктар, кийим-кечелер тапшырылды. Буга кошумча азык-түлүк салынган баштыктар берилди.

К.Базарбаев учурда премьр-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусун кыдырып, эл менен жолугушуп жүрөт. 

Жер көчкү 24-майга караган түнү орун алып, бир канча адамдын өмүрүн алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан