Бүгүн, 27-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Жар-Ооз айылында жайгашкан Д.Султанов атындагы мектеп-интернаттын абалын көрүп чыкты. Атамбаев мектептин тарбиялануучулары менен алардын билимге болгон кызыгуусу жана жашоо шарттары туурасында баарлашты. Интернат менен болгон таанышуунун жыйынтыгында мамлекет башчы окуу жайдын оңдоо иштерине 2 миллион сомго сертификат тапшырды.
Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон иш сапары 25-майдан 27-майга чейин созулду.