Иманалиев Кыргыз Республикасы Канада менен ар кайсы багыттарда, анын ичинде тоо-кен өнөр жайы боюнча кызматташууга чоң маани берерин айтып өттү. Ал Канада классикалык парламенттик республика болгондуктан, парламентаризмдин бай тажрыйбасына ээ экенин, андыктан жаш парламенттик республика болгон кыргыз мамлекети үчүн анын тажрыйбасын изилдөө абдан маанилүү жана зарыл экенин баса белгиледи.
Жолугушууда "Кумтөр" алтын кенине тиешелүү маселелер кеңири талкууланды. Иманалиев "Центерра" жана "Кумтөр Голд Компани" ишканасындагы коррупциялык схемалар Канада өкмөтүнүн колдоосу менен аныкталып, жоюлса деген тилегин айтты.
Өз кезегинде элчи эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтык бардык багыттарда кеңейип, тереңдей берерине үмүт артканын билдирди. Ал бул маселе Канада өкмөтүнүн өзгөчө көзөмөлүндө болорун айтты. "Биздин өкмөтүбүз бул маселени чечиш үчүн колдон келишинче аракет кылат",- деп кошумчалады ал.