ТУ-154 Б-2 учагынын үч кыймылдаткычынын сатылышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 9-июлунда “М.Т.Ц.” ишканасы менен казакстандык “D.G.” компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп, ага ылайык, “D.G.” компаниясы ТУ-154 Б-2 учагынын НК-8-2У үлгүсүндөгү үч кыймылдаткычын 7,5 миң долларга сатып алган. Эксперттердин баамында, НК-8-2У үлгүсүндөгү бир эле кыймылдаткычтын орточо баасы 15 миң долларга жакын. Мындан улам “М.Т.Ц.” ишканасынын жетекчиси кызмат абалынан пайдалануу менен мамлекетке 37 миң доллардан ашык зыян келтирген.
Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.