Ош. Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына чөгүп кеткен 10 жаштагы баланы издөө уланууда

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына чөгүп кеткен 10 жаштагы баланы издөө уланууда. Бул тууралуу 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы Таш-Арык айылынын тургуну, 2005-жылы туулган Бактынур Раимов 27-май күнү түштөн кийин кой кайтарып жүрүп Отуз-Адыр каналына белгисиз себептер менен түшүп кеткен. ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 10 куткаруучу 28-май күнү таңкы саат 05:40тан баштап издөө ишин жүргүзүп, бирок баланы тапкан эмес. Издөө аракеттери бүгүн да жүргүзүлмөкчү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан