Куралдуу күчтөрүнүн өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери кесиптик майрамында президенттин колунан алтын саат алышты

Бүгүн, 29-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн 23 жылдыгына арналган салтанаттуу кече президенттин катышуусунда өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, президенттин аппаратынын өкүлдөрү, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери, ата мекендик жана чет өлкөлүк күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчылары жана республиканын коомчулугунан өкүлдөр катышты.

Кызматынан өзгөчөлөнгөн аскерлер мамлекет башчынын жарлыгынын негизинде атайын алтын сааттар менен сыйланышты. Өз сөзүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалап өттү.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, Армиянын Борбордук үйүнүн чыгармачыл жамааты, А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестри, ошондой эле кыргыз эстрада жылдыздары Гүлзинат Суранчиева, “Достук” ырчылар тобу жана башка бийчилер кече ээлерин майрамы менен куттукташты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2015-05-29 13:01:35
Азаматсыздар куралдуу куч кызматкерлери. Мекен учун жалтанбай кызмат кылуудан тайманбаныздар .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан