Нарын. Быйыл 11-классты 357, ал эми 9-классты 602 окуучу аяктады

Бүгүн, 29-майда Нарын шаарынын бардык орто мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Бул күнү М.Сыдыков атындагы №7-орто мектептеги иш-чарага шаар мэри Р.Адиев жана өкмөттүн облустагы ɵкүлүнүн орун басары Ч.Абдраимакунова катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндɵ мэр бүтүрүүчүлөргɵ ак жол каалап, окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ошондой эле окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн мектептин 10 окуучусу 1000 сомдон мэрдин стипендиясы менен сыйланды.

Акыркы коңгуроо аземи окуучулардын ыр-бийлери менен коштолуп, мектепти 20, 10 жыл мурун бүткɵн бүтүрүүчүлɵрдүн куттуктоолору менен улантылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында быйыл жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты 357, ал эми 9-классты 602 окуучу аяктады. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 74 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, олимпиадада окуучулары алдынкы орундарды камсыз кылган 2 мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semakg
2015-05-29 19:36:52
Биз Кара-суудан айылда мектепте 11классты 84окуучу бутконбуз. Ошондо Нарын шаары биздин айылдан 4эсе чон экен. Бирок айыл окмотубуздон кичине экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан