Жалал-Абад. Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 29-майда Жалал-Абад шаарындагы "Наристе" №31-балдар бакчасында 1-Июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, анда тарбияланып жаткан наристелер ата-энелерине ыр-бийлерин тартуулашты. Ошондой эле бөбөктөргө кубаныч тартуулап, Куурчак театрынын таланттары жомок каармандарынын кейпин кийип, оюндарды көрсөтүштү. Жалал-Абад шаарында балдарга арналган мындай иш-чара 1-июнь күнү да уюштурулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан