Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 8-декабрында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосундагы "Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 1-июнда президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлигине Катар мамлекетинин өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан