Эртең, 2-июнда Бишкекте "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференция өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш-чарада аймактагы миграциянын көйгөйлүү маселелери, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн миграция жаатындагы, анын ичинде эмгек мигранттарынын, качкындардын, жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо, киши сатуу менен күрөшүү жаатындагы улуттук мыйзам жоболорун укуктук жактан колдонуу, шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча эл аралык байланыштарды жана кызматташтыкты жандандыруу маселелери талкууланат. Конференциянын катышуучулары ошондой эле экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, наркобизнеске, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жаатындагы кызматташтыктын келечеги туурасында пикир алышат.
Иш-чара Жогорку Кеңеш жана Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы тарабынан уюштурулууда. Конференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Тьери Мариани, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, КМШ катышуучу-мамлекеттеринин парламенттеринин, эл аралык уюмдар менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.