"Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу балдар жана ардактуу ата-энелер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайм!
Балдар – биздин үмүтүбүз, мамлекеттин, улуттун келечеги. Балдар – жашообуздун уландысы. Аларды камкордукка алуу - мамлекеттин жана коомдун милдети. Балдарга татыктуу таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирүүдө ата-энелердин, тарбиячылардын, мугалимдердин, жалпы коомчулуктун мааниси чоң. Андыктан балдарга кам көрүү, бактылуу балалык ыроолоо аркылуу адамзатынын эртеңин түптөйбүз.
“Үй-бүлө балдардан башталат” деген кеп бар. Үйүбүздүн очогу жанып, жашообузга шаң берген балдарыбыздын ууртунан күлкү кетпесин. Ар дайым өлкөбүздүн асманы ачык болуп, элибиздин ынтымагы бекемделип, алдыны көздөй жыла берели!
1-июнь – балдардын, жаркын келечектин майрамы кут болсун!"