Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мэриядан кабарлашкандай, анда балдарга майрамдык маанай тартууланып, спорттук мелдештер, сүрөт көргөзмөлөрү, балдар үчүн театрлаштырылган оюн-зооктор, клоуналар уюштурулду. Ошондой эле “Кыргыз мамлекети - менин мекеним!”, “Ар дайым болсун күн!”, “Планета балдардын көз карашы менен” деген темада балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.
Шаардагы №5-мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан концерт тартууланса, Барпы театрынын артисттери тарабынан Куурчак театрынын программасы көрсөтүлдү.