Милиция кызматкерлери балдардын саламаттыгын сакташ үчүн аларды өз үйлөрүнө алууга мажбур болушууда

Коркунуч тобундагы үй-бүлөдөн баланы чыгаруу маселе жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда “Балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү” темасына арналган тегерек столдун жүрүшүндө ИИМдин жашы жете элек балдардын иштери боюнча башкы инспектору Рысбек Мусуралиев билдирди.

Анын айтымында, аймактарда кризистик борборлор жок болгондугунан милиция кызматкерлери балдардын саламаттыгын сакташ үчүн аларды өз үйлөрүнө алууга мажбур болушууда. “Мыйзамга ылайык, кызматкерге баланы өз үйүнө алууга тыюу салынган. Анда баланы алууга ким укуктуу: социалдык мекеменин кызматкериби же укук коргоо органынын кызматкериби? Бул мыйзамда белгиленген эмес. Ошондуктан тиешелүү мыйзамды кароодо бул маселени чечиш керек. Коркунуч тобундагы үй-бүлөдөн баланы чыгаруу механизмин тезирээк иштеп чыгуу зарыл”,- деди Мусуралиев.

Айта кетсек, өлкөдө 22 672 бала ата-энесиз жашайт, 27 311 бала жарым жетим болсо, 48 403 бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sergo
2015-06-01 17:29:35
Ээ бизде баланы албай эле кайпа ментер оздору уруп согуп уйундогу ишин кылдырып журотго. Биздин эле айылда атасы отуп кетип апасы баласын таштап москвага кеткен экен баласы бей баш болуп менин эжемин магазинине уурулука кириптир кирип конфет шокалад печенье ушул сыяктуу нерселерди уурдаган. Ментер келип алып кеткен кийин уктук уруп согуп бироонун баласын эшигиндеги огородун каздырып атыптыр камап салам деп коркутуп. Буларга набарот бербеш керек баланы булар дом работник кылып алат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан