Бишкектеги “Сүйүү багы” эс алуу жайына ташталган ымыркайдын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда №3-балдар ооруканасынан билдиришти.
Айта кетсек, ымыркай 30-май күнү саат 08:00 чамасында “Сүйүү багы” эс алуу жайындагы бактардын арасынан табылган. Ал жерге дароо милиция кызматкерлери барышып, ымыркайды ооруканага жеткиришкен. Ташталган кыздын ал жерде канча жатканы белгисиз.
Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.