Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча сунуштар жазылган баяндама депутаттарга таратылды

Кыргыз Республикасында балдарга карата зомбулук менен күрөшүү боюнча акыйкатчынын атайын баяндамасы Жогорку Кеңештин депутаттарына таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда аталган маселе боюнча тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчы институтунун балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Альберт Колопов билдирди.

Анын айтымында, бул баяндамада Акыйкатчы институту өспүрүм балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында ишке ашырылган долбоорлордун жана программалардын жыйынтыктары чагылдырылган. “Мындан тышкары бул маселе боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат жана маселени чечүүгө багытталган сунуштар бар. Атайын баяндаманын негизги максаты – өлкөбүздөгү балдарга карата зомбулуктун башкы себептерин жана алдын алуу боюнча бардык мамлекеттик органдарга карата сунуштар топтомун иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштоо”,- деди Колопов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан