Жалал-Абад. Жол кыймылынын жаш инспекторлору грамоталар, алкыш баракчалары менен сыйланышты

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жол кыймылынын жаш инспекторлору аталган облустун Ички иштер башкармалыгы тарабынан грамоталар, алкыш баракчалары менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, жакында республикалык кароо-сынагында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан барган жаш инспекторлор командасы 2-орунга ээ болгон. Бул сынак Жалал-Абад ОИИБи жана Жалал-Абад балдар чыгармачылык үйү менен биргеликте жыл сайын салттуу түрдө өткөзүлүп келет. 

"Быйыл да бул демилгени башкармалык колго алып, Бишкек шаарында өткөн республикалык кароо-сынагына өз эсеби менен алып барып келди.

Эске салсак, мындан 3 жыл мурда (2012-ж) Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жол кыймылынын жаш инспекторлору республикалык сынакта баш байгеге ээ болуп, эл аралык кароо-сынака катышкан",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан