Бүгүн эртең менен өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев каза тапты. Бул тууралуу 1-июнда жакын досу Нурлан Алишеров SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, анын сөөгү 3-июнь күнү өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жерге берилет.
Айта кетсек, Жеңишбек кант диабети жана бөйрөк оорусунан жабыркап келген. Анын айынан 4-5 ай мурун ордунан тура албай калган жана бир бутун кестирген.
Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Анын боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жеңишбек Райымбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.