Узакка созулган оорудан кийин 31-майда кыргыз мамлекетинин Япониянын Кинки аймагындагы ардактуу консулу Тору Датэ көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Анын кыргыз-япон кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы белгиленет маалыматта. "Тышкы иштер министрлиги Тору Датэ мырзанын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөт",- деп билдирет ТИМ.
Эскерте кетсек, Тору Датэ КРнын Япониядагы ардактуу консулу болуп 2013-жылдын 21-январында дайындалган.