Акыркы жылдары балдар үйлөрүнө жөнөтүлгөн наристелердин саны 30 пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунан билдиришти.
Маалым болгондой, балдарды интернаттарга берүү боюнча тенденциянын азайышы 2011-жылдан 2013-жылга чейин байкалган. Ошондой эле балдар үйлөрүндө тарбиялануучулардын саны 60 пайызга азайган. Мындан тышкары КРнын Социалдык өнүктүрүү жана КРнын Билим берүү жана илим министрликтеринин интернат уюмдарында багылган балдардын саны 7 пайызга кыскарган.