Бүгүн, 4-июнда Бишкекте “Балдардын үй-бүлөдө жашоо укугу: жыйынтыктарды чыгаруу жана артыкчылыктуу багыттарды аныктоо” аттуу Улуттук форум аяктады. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Темир Сариев, вице-премьер Дамира Ниязалиева, бардык министрликтердин башчылары жана орун басарлары, ошондой эле Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун, Акыйкатчы институтунун, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө анын катышуучулары балдардын азыркы абалы, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, учурда түзүлгөн маселелерди чечүү үчүн кандай кадамдарга баруу керектиги боюнча баяндамалары менен чыгып сүйлөштү. 3 саатка созулган иш-чара резолюциянын кабыл алынышы менен аяктады. Анда балдарга болгон камкордукту чыңдоо, жасалып жаткан иштерди мындан ары натыйжалуу аткаруу жана башкалар жазылган.